Түркиядан Оманга PARS тапшырылды

Алгачкы тапшыруу үчүн Анкарада иш-чара өткөрүлдү...

770776
Түркиядан  Оманга PARS тапшырылды

Түркиянын Коргоо өнөр жайынын кургактык унааларын өндүрүүчү алдыңкы  фирмасы-FNSS коргонуу системалары акционердик коому, Оман үчүн өндүрүүсүн милдеттенген 8x8 дөңгөлөктүү броне унаалардын алгачкысын бул өлкөгө тапшырып берди.

Алгачкы тапшыруу үчүн Анкарада иш-чара өткөрүлдү...

Иш-чарада FNSSтин башкы директору жана жогорку башкаруучусу Наил Курт, генерал-майор Саиф Мухаммед Саиф Ал Шееди, Коргоо өнөр жайынын кеңешчи орун басары Көксал Лиман жана FNSSтин долбоор башкаруучусу Гөкхан Текин сөз сүйлөштү.

Долбоордо эмгеги өткөндөргө сыйлык жана макет тапшыруудан кийин унаанын ачкычы берилди.

Келишимдин алкагында 2020-жылга дейре Оман королдугунун кургактык күчтөрүнө PARS III 8×8  жана  PARS III 6×6 болуп  бардыгы 13 башка түрдөгү 172 броне унаа тапшырылат.



Тектеш кабарлар