Орусияга айва экспорту

Быйылкы жылдын 5 айында айва экспорту 47 пайыз өсүп 1 миң 469 тоннага, киреше болсо 67 пайыз өсүп 1 миллион 94 миң 811 долларга жетти

756492
Орусияга айва экспорту

Түркия Орусияга 1-январдан 31-майга чейинки 5 айлык мезгилде 1 миң 469 тонна айва экспорттоп, андан 1 миллион 94 миң 811 даллар киреше тапты.

Түркиядан Орусияга үстүбүздөгү жылдын 5 айында лимон, мандарин, пияз, грейпфрут, өрүк, шабдалы, апельсин, алча, капуста, абрикос, картошка, түстүү капуста, дарбыз, коон, пияздын сабы, калемпир жана айва экспорттолду.

Ушул эле мезгилде экспорттолгон 215 миң 379 тонна мөмө-жемиш жана жашылчадан 123 миллион 738 миң 321 доллар киреше түштү.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде экспорттолгон 113 миң 140 тонна мөмө-жемиш жана жашылча болсо 78 миллион 231 миң 553 доллар киреше алып келген.

Быйылкы жылдын 5 айлык мезгилиндеги экспорттун көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 90 пайыз, кирешеде болсо 58 пайыз өстү.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 998 тонна айва экспорттогон Түркия андан 656 миң 616 доллар киреше тапты.

Быйылкы жылдын 5 айында болсо айва экспорту 47 пайыз өсүп 1 миң 469 тоннага, киреше болсо 67 пайыз өсүп 1 миллион 94 миң 811 долларга жетти.



Тектеш кабарлар