Орусия менен Эфиопия кызматташууда

Эки өлкө меморандумга кол коюшту

756551
Орусия менен Эфиопия кызматташууда

Орусиянын атомдук энергетика боюнча  мамлекеттик мекемеси (Росатом) менен Эфиопиянын Илим жана технология министрлиги, атомдук энергетика тармагында кызматташуу максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Росатомдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, мунун атомдук энергетика тармагында эки өлкөнүн ортосундагы биринчи келишим экени баса белгиленип, келишимдин билим берүү жана ишке ашыруу тармактарын камтыганы белгиленди.

Росатомдун башкы директорунун орун басары Николай Спасский жана Эфиопиянын илим жана технология министри Afework Kassu Gizaw тарабынан кол коюлган меморандумдун алкагында, эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн курала турган биргелешип иш жүргүзүү тобунун жол картасы белгилене турганы маалымдалды.

Келишим аркылуу Эфиопиядагы ядролук объектилердин өнүктүрүлүшү, технологиялар тармагында коомдук түшүнүктүн жаралуусу жана радиацияга каршы технологиялардын өнөр жай, айыл-чарба жана медицина тармактарында колдонулушу максатталууда.



Тектеш кабарлар