Дүйнөдөгү эң көп киреше тапкан атактуулар

«Forbes» журналы дүйнөдө эң көп киреше тапкан 100 атактууну жарыялады

751426
Дүйнөдөгү эң көп киреше тапкан атактуулар

Дүйнөнүн эң көп киреше тапкан атактуусу америкалык актер, продюсер жана рэп музыканты Шон Комбс ...

АКШнын экономикалык «Forbes» журналы, дүйнөдөгү эң көп киреше тапкан 100 атактууну жарыялады.

«Форбс» журналынын жыл сайын түзгөн атактуулар тизмесинде, «Дидди» лакабы менен таанылган америкалык актер, продюсер жана рэп музыканты Шон Комбс 2016-жылдын июнь айынан 2017-жылдын июнь айына чейинки мезгилде 130 миллион долларлык киреше таап биринчи болду.

Аты аталган мезгилде АКШлык музыкант жана актриса Бейонсе 105 миллион доллар менен экинчи, «Гарри Поттер» китебинин автору J.K. Роулинг 95 миллион долларлык киреше менен үчүнчү орунду ээледи.

Ушул эле мезгилде канадалык ырчы Дрейк 94 миллион доллар  менен төртүнчү, португалиялык футболчу Криштиану Роналду да 93 миллион долларлык киреше таап бешинчи болду.

Бул мезгилде дүйнөнүн эң көп киреше тапкан 100 атактуусунун үчтөн биринен көбү АКШда экени белгиленсе, тизмедеги атактуулардын 20 пайызынын Европа, 5 пайызынын да Азия материгинен экени маалымдалды.

«Форбс» журналы дүйнөдөгү эң бай 100 атактунун аты аталган мезгилде тапкан жалпы кирешесинин болсо орто эсеп менен 5 миллиард 150 миллион доллар экенин билдирди.

 



Тектеш кабарлар