Түрк аба жолдору орусиялык транзиттик жүргүнчүлөрдү да акысыз коноктойт

Бул ишке ашыруу орусиялык туристтердин санын көбөйтөт

751011
Түрк аба жолдору орусиялык транзиттик жүргүнчүлөрдү да акысыз коноктойт

Түрк аба жолдору Пакистандан кийин Орусиядан сапар тарткан транзиттик жүргүнчүлөрдү да акысыз коноктойт.

Бул ишке ашыруунун Стамбулга бир күнгө келе турчу орусиялык туристтердин санын көбөйтөөрү күтүлүүдө.

Апрель айында Түркияга келген орусиялык туристтердин саны 181 миң 865ке жетип, эки өлкөнүн ортосунда 2015-жылдын ноябрь айында орус учагынын түрк аба мейкиндигине кирип кетиши менен башталган кризистен мурдагысына өттү.

Бул сан өткөн жылы 31 миң 50 болгон болчу.

Орусиялык туристтердин санындагы өсүү 485.72 пайызга жетти.

2015-жылдын апрель айында Орусиядан Түркияга 149 миң 879 киши келген болчу.

Түрк аба жолдорунун билдирүүсүнө караганда, Орусия менен катар Казакстан, Австралия жана Беларустан сапар тарткан жүргүнчүлөр, АКШ, Түштүк Америка өлкөлөрү, Англия, Ирландия, Жакынкы Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Түндүк Африка жана Азияга барган каттамдарда акысыз конок болуудан пайдалана алышат.

Стамбулда 20 сааттан ашуун байланыш мөөнөтү болгон Түрк аба жолдорунун жүргүнчүлөрү, билет алгандан кийин белгилене турган отел чеги менен 2 түнгө чейин акысыз конок боло алышат.



Тектеш кабарлар