2017-жылы Түркиянын экономикасы 4 пайыздан жогору өсүүгө ээ болот

Экономика министри Нихат Зейбекчи, Анкарада Эркин ишкерлер коому тарабынан берилген ооз ачуу тамагында сөз сүйлөдү.

748433
2017-жылы Түркиянын экономикасы 4 пайыздан жогору өсүүгө ээ болот

Экономика министри Нихат Зейбекчи, 2017-жылы Түркиянын экономикасы 4 пайыздан жогору өсүүгө ээ боло турганын айтты.

Зейбекчи, Анкарада Эркин ишкерлер коому тарабынан берилген ооз ачуу тамагында сөз сүйлөдү.

Түркиянын экономикасынын күчтүү болгонун баса белгилеген Зейбекчи: «15-июлда төңкөрүш аракети болгон убакта 18-июлда банктар иштеп жатты»,-деди.

Катар кризисине токтолгон Зейбекчи, маселени туугандар арасындагы жеңил таарынышуу сыяктуу карагандарын белгиледи.

Кризистин эң кыска убакта бүтүшүн каалагандарын айткан Зейбекчи, дүйнөнүн кайсы жеринде крзис болсо түрк улутунун кыйын кезеңдерде мөгдүрөп калгандарга ар дайым жардам бергенин айтты.

Зейбекчи: «Бир жерде талаш болуп жатса күчсүз болгонун куткарат бул улут. Рамазанда эч бир тууганыбыз кыйын абалга түшпөсүн»,-деди.



Тектеш кабарлар