Филиппиндерде банктагы акчалар жок болду

Банктын жетекчиси Сезар Консинг маселеден улам кардарларынан кечирим сурады

747571
Филиппиндерде банктагы акчалар жок болду

Филиппиндерде банкка которулган акчалар жок болду.

The Bank of the Phillipinnes Islands (BPI), кардарларынын эсебинен алардын уруксаты болбостон акча которулганын жана буга системадагы катанын себепчи болгонун билдирди.

Бузулуп калган системанын айынан айрым кардарлардын акчасынын толугу менен жок болгону айтылууда.

Банктын жетекчиси Сезар Консинг телепрограммага катышып ушул маселеден улам кечирим сурады жана «Бул кибердик чабуул эмес, системабыздан келип чыккан маселе. Алдыбыздагы мезгилде  эсептерди оңдогон болобуз»,-деди.

Социалдык тармакта көйгөйлөрүн бөлүшкөн кардарлардан айрымдары 4 миң песо (80 АКШ доллары), айрымдары болсо 100 миң песосунун жок болгонун белгилешти.

165 жылдан бери кызмат көрсөтүп келе жаткан BPI болсо электрондук банктык системаларын маселе чечилгенге чейин токтотконун билдирди.

Буга интернет аркылуу эсептерин карагысы келген кардарлар каршылык көрсөтүштү. BPIнин 8 миллион кардары бар.



Тектеш кабарлар