Түркиядагы инвестицияңарды көбөйткүлө

Эрдоган кечээки Америка Кошмо Штаттарына жасаган сапарында 40 чамалуу АКШлык жогорку мартабалуу башкаруучу жана эл аралык фонд башкаруучулары менен жолугушуу өткөрдү.

734473
Түркиядагы инвестицияңарды көбөйткүлө

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээки Америка Кошмо Штаттарына жасаган сапарында 40 чамалуу АКШлык жогорку мартабалуу башкаруучу жана эл аралык фонд башкаруучулары менен жолугушуу өткөрдү.

Президент Эрдоган, Премьер-министрлик Түркия инвестицияны колдоо жана таанытуу агенттиги координациясы менен болгон жолугушуусунда америкалык инвесторлорду Түркиядагы инвестицияларын арттырууга чакырды.

Түркиянын экономикасына байланыштуу өкмөт уланткан таасирдүү жана чечкиндүү саясаттардын биринчи киши тарабынан АКШлык инвесторлор менен бөлүшүлүшү боюнча өткөрүлгөн жолугушуунун чоң мааниси бар. Анткени бул жолугушуу менен Түркиянын эл аралык инвесторлорго камсыздалган колдоосу эң жогорку деңгээлде көрсөтүлдү.

Өткөн жылдын март жана сентябрь айларында АКШда болгон эки жыйналышта да Президент Режеп Таййип Эрдоган эл аралык инвесторлор менен жолуккан эле.

Бул сапарда да фирмалардын олуттуу кызыгуусу жана катышуусу менен жемиштүү бир жыйналыш өткөрүлдү.

Кечээки жолугушууларда болсо америкалык инвесторлор, 15-апрелде өткөн Конституциялык өзгөртүү боюнча референдумдан кийин пайда болгон жаңы көрүнүштө эл аралык инвесторлордун Түркиянын инвестиция чөйрөсүнө, саясий ыраттулугуна жана келечек көз карашына ишенгендерин баса белгилешти.               



Тектеш кабарлар