«Түрк агымынын» курулушу башталды

«Газпром» компаниясы долбоордун алкагында эки газ куурун салат

727591
«Түрк агымынын» курулушу башталды

Орусиянын «Газпром» компаниясы, «Түрк агымы» газ кууру долбоорунда деңиз бөлүгү үчүн түтүк жолдун курулушун баштады.

Газпромдун билдирүүсүндө, «Түрк агымы» долбоорунда Карадеңизден өтө турган түтүк жолдун курулушу белгиленген календардын негизинде башталганы маалымдалды.

Курулуштун «Allseas» компаниясына таандык «Audacia» аттуу кеме менен жүргүзүлүп жатканы сөз кылынган билдирүүдө, Карадеңиздин дагы да терең жерлеринде болсо газ куурунун курулушунун «Pioneering Spirit» аттуу кеме менен улантылаары белгиленди.

Өкмөттөр аралык келишимдин октябрь айында Стамбулда кол коюлган «Түрк агымы» долбоорунун алкагында, ар бири жылына 15,75 миллиард куб метр көлөмгө ээ болгон эки куурдун салынышы пландалып жатат.

Биринчи куурдун Түркияга, экинчисиин болсо Европага газ жеткириши көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар