Кытайлык туристтик фирмалар Түндүк Кореяга алдын ала катталуу иштерин токтотту

Air China да Түндүк Кореянын борбор шаары Пхеньянга каттамдарды 17-апрелден тарта токтоткон болчу

716945
Кытайлык туристтик фирмалар Түндүк Кореяга алдын ала катталуу иштерин токтотту

Кытайлык туристтик фирмалар Түндүк Кореяга алдын ала катталууну, АКШ менен уланып жаткан чыңалуу жана коопсуздук коркунучунан улам токтотту.

Кытайдын Коммунисттик партиясынын расмий медиа органдарынан «Global Times» гезитинин маалыматына караганда, көп сандаган кытайлык туризм агенттигинин интернет барагында Түндүк Кореяга билет жана алдын ала катталуу иштери токтотулду.

Маалыматта Кытайдын эң чоң компаниясы Ctrip менен катар көптөгөн фирманын Корея жарым аралында болуп жаткан чыңалуудан терс таасирленгени жана Түндүк Кореяга саякат турларынын азайтылганы билдирилди.

Air China, Түндүк Кореянын борбор шаары Пхеньянга каттамдарды 17-апрелден тарта токтотсо, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги каттамдардын убактылуу токтотулушунун себебин «саякат талабынын аз болушу» деп билдирген болчу.



Тектеш кабарлар