FEDдин Ричмонд кеңсесинин төрагасы кызматынан кетти
FEDдин Ричмонд кеңсесинин төрагасы Жеффри Лакер, банктын жашыруун маалыматтарын өткөрүп жибергени үчүн кызматынан кетти.
Американын Борбордук банкы FEDдин Ричмонд кеңсесинин төрагасы Жеффри Лакер, банктын жашыруун маалыматтарын өткөрүп жибергени үчүн кызматынан кетти.
Лакер, жазуу түрүндө маалымат берип, 2012-жылы октябрь айында Medley Global Advisor фирмасынын аналисти менен болгон сүйлөшүүсүндө Федералдык ачык базар комитетинин жашыруун саясаттарын бузгандыгын моюнга алды.
2012-жылы фирманын бир аналисти менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн белгилеген Лакер, аналисттин эртеси күнү даярдаган отчетунда телефондон алган жашыруун маалыматка орун бергендигин белгиледи.
FEDдин жашыруун маалыматтарын өткөрүп жибергени үчүн өкүнгөндүгүн айткан Лакер, кызматын таштаганын жарыялады. Ричмонд FEDдин жарыясында, териштирүүнүн жыйынтыктарына ылайыктуу кыймыл кылынганы жана жаңы төраганын белгилениши үчүн изилдөөлөр жасалып жатканы маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү өстү
Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.