Улудаг экономика саммити Бурсада өтөт
Самитке көптөгөн өлкөдөн өкүлдөр катышат
Бурсада 24-25-март күндөрүндө өтө турган Улудаг экономика саммитине Түркия менен дүйнө жүзүнөн иш, экономика жана саясат тармактарындагы негизги ысымдар катышат.
Быйыл алтынчысы өткөрүлө турган саммитте эки күн бою 1 миң 200гө жакын жогорку даражалуу ишкер, экономист жана саясатчылар өз көз караштарын билдиришет.
Вице-премьер Мехмет Шимшек менен транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан сөз сүйлөй турган саммитке Эстониянын мудагы билим берүү министри Аавиксоо, Германиянын мурдагы президенти Кристиан Вульф жана Финляндиянын мурдагы билим берүү министри Пар Штенбек сыяктуу маанилүү ысымдар катышмакчы.
АКШ, Австралия, Англия, Финляндия, Эстония, Греция, Индия, Афганистан, Сауд Аравия жана Малайзиянын эң негизги компанияларынын башкаруу кеңешинин башчылары жана жогорку даражалуу жетекчилери катыша турган саммитте, түрк иш дүйнөсүнүн ири холдинг жана компанияларынын башкаруу кеңешинин жетекчилери менен демилгечилер иш дүйнөсүндөгү жаңыланууларды, күтүүлөрдү түшүндүрүп беришет.
Тектеш кабарлар
Түркиянын аквакультура өндүрүшү өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси 2023-жылга карата балык өстүрүү статистикасын жарыялады.
Түркиянын экспортунда рекорд
Соода министри Өмер Болат Стамбулда май айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.