Түркия жакында эки деңизинде бургулоо иштерин баштайт

Берат Албайрак, Түркиянын быйыл Кара деңиз жана Жер Ортолук деңизде маанилүү бургулоо иштерин кыла турганын жарыялады.

688367
Түркия жакында эки деңизинде бургулоо иштерин баштайт

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, Түркиянын быйыл Кара деңиз жана Жер Ортолук деңизде маанилүү бургулоо иштерин кыла турганын жарыялады.

Албайрак: «Биринчи сейсмикалык изилдөө кемебиз «Барбарос Хайреттинден» кийин экинчи кемебиз менен Жер Ортолук деңиз жана Кара деңизде дагы активдүү эки өлчөмдүү жана үч өлчөмдүү сейсмикалык иштер менен катар ар эки деңизибизде да издөө иштери процессибизди баштайбыз»,-деди.

АКШнын Техас штатынын Хьюстон шаарында өткөн IHS CERAWeek 2017 Энергетика конференциясына катышкан энергетика министри Албайрак, Түркиянын мунай зат жана жаратылыш газ издөө иштери тууралуу маалымат берди.

Албайрак, Түркиянын энергетика тармагында маанилүү жаңылануулардын, инвестициялардын жана жүрүштөрдүн жасала турган жаңы мезгилге киргенин айтты.

Дүйнөдөгү мунай зат жана жаратылыш газдын 60 пайызынан ашыгынын Түркиянын жакын чөйрөсүндөгү аймакта орун алганына көңүл бурган министр Албайрак: «Төрт тарабында бир топ энергетика булагы жана байлыктар орун алган Түркиянын, аймагындагы эң ырааттуу жана күчтүү өлкө болушу алып келген жоопкерчилик жана энергетика сунушу коопсуздугунда ойногон ролу менен өлкөбүз алдыдагы мезгилде да чечкиндүү жана чаалыкпастан иштөөсүн улантат»,-деп айтты.

Министр Албайрак, Түркиянын акыркы жылдарда жаратылыш газ топтоо жана булак түрдүүлүгү темасында абдан маанилүү инвестицияларды сала баштаганын баса белгилеп, бир топ тармакта инвестициялардын ишке ашырылышы улана турганын белгилеп кетти.

Дүйнөнүн эң чоң жана эң престиждүү энергетика конференцияларынан бири болгон IHS CERAWeek 2017нин алкагында, чет өлкөлүк инвесторлордун Түркияга кызыгуусун «абдан каалап жатышат» деп мүнөздөгөн Албайрак, мунун алдыбыздагы мезгилде «Чоң Түркия» максатына жетүүдө үмүт берүүчү болгонун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар