TUSAŞ менен Sikorsky келишим түздү

Кызматташтыктын алкагында долбоордун 10 жылдык алгачкы баскычында 270 миллион доллардык товар тапшыруу аткарылат.

681911
TUSAŞ менен Sikorsky келишим түздү

Түрк авиация жана космостук өнөр жай акционердик коому (TUSAŞ) менен дүйнөнүн алдыңкы тик учар чыгаруучусу Sikorsky Aircraft Company фирмасынын ортосунда кызматташтыкты камтыган келишимге кол коюлду.

TUSAŞтын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда ар түрдүү тик учар платформаларына таандык стуктуралык элементтердин чыгарылышын камтыган келишимдин кол коюу аземине, TUSAŞтын башкы директору Темел Котил жана Sikorsky Aircraft Company төрагасы Дан Щульц катышты.

Кызматташтыктын алкагында долбоордун 10 жылдык алгачкы баскычында 270 миллион доллардык товар тапшыруу аткарылат.

Келишим менен TUSAŞ жана Sikorsky ортосундагы кызматташтыктын опция мезгилин да камтыгыдай түрдө 2044-жылга чейин уланышы жана долбоордун көлөмүнүн эң аз 500 миллион долларга жетиши пландалууда.



Тектеш кабарлар