«Түрк агымы» газ кууру долбоорунун курулушу

«Түрк агымы» долбоорунун Орусия жерлериндеги курулушунун көпчүлүгүнүн аяктаганы билдирилди.

681561
«Түрк агымы» газ кууру долбоорунун курулушу

Газпромдун Аткаруу кеңешинин мүчөсү Олег Аксютин, «Түрк агымы» газ кууру долбоорунун деңиз бөлүгүндөгү курулушун ушул жылдын экинчи жарымында баштоону пландагандарын айтты.

Газпромдун Орусиянын борбор шаары Москвада өткөрүлгөн жыйынында сөз сүйлөгөн Аксютин, «Түрк агымы» долбоорунун Орусия жерлериндеги курулушунун көпчүлүгүнүн аяктаганын билдирди. 

Долбоордо деңиз бөлүгү үчүн курулуштун болсо алдыбыздагы айларда баштала турганын белгилеген Аксютин: «Орусия жерлериндегинин уландысы боло турган деңиз бөлүгүнүн курулушун ушул жылдын экинчи жарымында баштоону пландап жатабыз»,-деди.

Түрк агымынын 31.5 миллиард куб метр газ ташый турган 900 километрдик деңизден өткөн эки багытына 7 миллиард евро сарптала турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар