Гитлердин телефону сатылды

Кызыл түстөгү телефон 243 миң долларга сатылды.

675953
Гитлердин телефону сатылды

Нацист лидер Адольф Гитлердин телефону аукцион аркылуу 243 миң долларга сатылды.

Гитлердин кызыл түстөгү телефону, АКШнын Мэриленд штатына караштуу Чесапик Сити аймагындагы тарыхый «Александр» аукцион үйүндө сатууга коюлду.

Бул телефонду, аукционго телефон аркылуу катышкан жана атын билдиргиси келбеген бир киши сатып алды.

Артында Гитлердин аты жана нацисттик партиянын символу орун алган телефон үчүн аукцион 100 миң доллардан башталды.

Бул телефон, 1945-жылы Гитлер көз жумгандан кийин Совет аскерлери тарабынан анын баш калкалоочу жайынан табылган.

Тарыхый «Александр» аукцион үйүнүн жооптуу кызматкерлери, Гитлердин өлүм буйруктарын берүү үчүн колдонгон бул телефонду «массалык кыргын салуучу курал» деп сыпатташкан болчу.

Аукциондо Гитлерге таандык фарфордон жасалган иттин фигурасы да 24 миң 300 долларга сатылды.



Тектеш кабарлар