Антальянын туризм күтүүсү

Быйыл Антальяга канча чет элдик туристтин келиши күтүлүп жатат?

672276
Антальянын туризм күтүүсү
antalya, turizm.jpg
antalya, turizmi.jpg

Былтыр 5,7 миллион турист келген Антальяга быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайыздык өсүү менен 8 миллион туристтин келиши күтүлүп жатат.

Башкы борбору Антальяда жайгашкан Дасыккан отел жетекчилери коомунун (POYD) төрагасы Хакан Дуран Италия, Греция, Испания, Португалия сыяктуу Түштүк Европа өлкөлөрүндө баалар жогорулагандыктан чет элдик туристтердин Түркияны тандашын күткөндөрүн белгиледи.

Орусияда эрте резервациянын өткөн жылга салыштырмалуу өскөнүн сөз кылган Дуран: «Быйыл Орусиядан 2-2,5 миллион турист күтөбүз. Өткөн жылы болжол менен 5,7 миллион чет элдик турист келген Антальяга быйыл 7,5-8 миллион чет элдик туристтин келишин күтүп жатабыз. Быйылкы жылды өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайыздык өсүү менен толуктайбыз деп ойлоймун»,-деди.



Тектеш кабарлар