Өлкө ичиндеги туризм маалыматтары

«Үй – бүлөлүк өлкө ичиндеги туризм иликтөөсүнүн» жыйынтыктары билдирилди

666402
Өлкө ичиндеги туризм маалыматтары

Өлкө ичинде жасалган жалпы саякат саны 2016 – жылдын октябрь -  ноябрь – декабрь айларында мурунку жылдын ошол эле мезгилине караганда 0, 1 пайызга артып 32 миллион 987 миң болуп ишке ашты.

Түркия статистикалык мекемесинин 2016 -  жылдын үчүнчү чейрегине байланыштуу «Үй – бүлөлүк өлкө ичиндеги туризм иликтөөсүнүн» жыйынтыктары билдирилди. Буга караганда өлкө ичинде жашаган 24 миллион 14 миң киши үч айлык мезгилде саякатка чыкты.

Жергиликтүү туристтердин өлкө ичине чыккан саякаттагы каржоолору жылдын үчүнчү чейрегинде мурунку бир жылдын ошол эле чейрегине караганда 23, 6 пайызга артып 15 миллиард 360 миллион 556 миң лира болду. Саякат себептеринин арасында жакындарын зыярт кылуу максатындагы саякаттар 62, 1 пайыз менен биринчи орунду алды. Андан кийин «саякат, көңүл ачуу, эс алуу» жана «саламаттыкты сактоо» максатында саякаттар келди.



Тектеш кабарлар