Экспорт артты
декабрь айында тышкы соода кемчилиги 10, 3 пайызга артып, 6 миллиард 241 миллион доллардан 5 миллиард 598 миллион долларга артка чегинди
Түркиянын экспорту 2016 - жылдын декабрь айында андан мурунку жылдын ошол эле айына караганда 9 пайызга артып, 12 миллиард 807 миллион доллар болду.
Түркия статистикалык мекемеси ТҮИК менен бажы жана соода министрлигинин кызматташтыгы менен түзүлгөн 2016 - жылы декабрь айына байланыштуу убактылуу тышкы соода маалыматтары белгиленди. Ушуга караганда декабрь айында тышкы соода кемчилиги 10, 3 пайызга артып, 6 миллиард 241 миллион доллардан 5 миллиард 598 миллион долларга артка чегинди.
Экспорттун импортту камсыз кылуу катнашы 2015 - жылы декабрь айында 65, 3 пайыз болгон болсо, өткөн жылдын ошол эле айында 69, 6 пайызга жогорулады.
Европа Биримдигинин экспорттогу үлүшү 2015 - жылы декабрь айында 46, 1 пайыз болуп, өткөн жылдын ошол эле мезгилинде 44, 3 пайыз болду. Европа Биримдигине жасалган экспорт 2015 – жылдын ошол эле айына караганда 4, 8 пайызга артып 5 миллиард 670 миллион доллар болуп ишке ашты.
Эң көп экспорт жасалган өлкө Гемания болду. Германияга жасалган экспорт бул мезгилде 1 миллиард 189 миллион доллар болуп, бул өлкөдөн кийин кезеги менен 795 миллион доллар менен Ирак, 768 миллион доллар менен Англия жана 759 миллион доллар менен Бириккен Араб Эмирликтери келди.