«Түрк агымы» долбоорун Орусиянын Думасы ратификациялады

Биринчи куурдун Түркияга, экинчи куурдун болсо керектүү кепилдиктер алынган учурунда Еврорпага жаратылыш газ ташышы көздөлүүдө.

656010
«Түрк агымы» долбоорун Орусиянын  Думасы ратификациялады

«Түрк агымы» жаратылыш газ куурунун долбоору туурасында келишим Орусия Парламентинин астыңкы баскычы Думада кабыл алынды.

Думанын жарыясында «Түрк агымы» долбоорунун Орусиянын энергетика фирмасы Газпромдун 2019-жылдан тарта Түркия жана Европага жаратылыш газ экспортуна байланыштуу рисктерди азайта турганы белгиленип, «Орусиянын газынын «Түрк агымы» аркылуу үзгүлтүксүз жана коопсуз түрдө камсыздалышы аркылуу, Орусия долбоордун алкагындагы биринчи куурдан жылына 750 миллион доллар киреше табат», деген сүйлөм орун алды.

Долбоордун алкагында курулушу пландалган экинчи багыттын болсо газды ала турган өлкөлөрдүн белгиленишинен кийин Орусия үчүн ошондой эле кошумча киреше алып келе турганы баса белгиленген жарыяда, келишимдин алкагында долбоордун деңизде салына турган бөлүгүнүн да салыктардан бошотула турганы белгиленди.

Өкмөттөр аралык келишимге өткөн жылдын октябрь айында Стамбулда кол коюлган долбоордун алкагында жыл сайын 15,75 миллиард метр куб көлөмдөгү газ ташуучу эки газ куурунун курулушу пландалууда.

Биринчи куурдун Түркияга, экинчи куурдун болсо керектүү кепилдиктер алынган учурунда Еврорпага жаратылыш газ ташышы көздөлүүдө.

Бул куурдун Түркиядагы бөлүгүнүн 2019-жылы тейлөөгө кириши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар