"Түрк агымы" маанилүү долбоор

Газпромдун билдирүүсү

649155
"Түрк агымы" маанилүү долбоор

Орусиянын «Газпром» комапаниясы Түрк агымынын Түштүк-Чыгыш Европадагы потенциалдуу кардарларынын 2016-жылы орус газын сатып алуусун көбөйткөнүн белгиледи.

Газпромдун билдирүүсүндө, Орусиядан газ сатып алуу көлөмүндө 2016-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу оң кыймылдуулук болгону белгиленди.

Буга ылайык Италияга газ сатуу 1,1 пайыз өсүп 24,7 миллиард куб метрге жетти. Газпромдон Болгарияга газ берүү 2,1 пайыз өсүп 3,18 миллиард куб метрге, Грецияга 35 пайыздык өсүү менен 2,68 миллиард куб метрге, Сербияга 4,3 пайыз өсүп 1,75 миллирд куб метрге, Румынияга 740 пайыздык өсүү менен 1,48 миллиард куб метрге жетти.

54,8 пайыздык өсүү болгон Хорватияга 0,76 миллиард куб метр газ берилсе, Македонияга болсо 56,5 пайызык өсүү менен 0,21 миллиард куб метр газ берилди.

Билдирүүдө бул өсүүнүн Түрк агымы долбоорунун бул өлкөлөрдүн газ муктаждыктарынын камсыздалышына карата убагында жана туура кадам экендигин далилдегени сөз кылынды. 



Тектеш кабарлар