Африканын эң узун темир жол багыты

Африкадагы эң узун темир жол багыты болгон бул долбоордун Чыгыш Африка өлкөлөрүнүн арасындагы экономикалык карым-катнаштарды да өнүктүрүшү максатталууда.

648498
Африканын эң узун темир жол багыты

Африканын эң узун темир жол багыты бүтүрүлдү.

Эфиопиянын борбор шаары Аддис-Абебаны Жибутинин борбор шаары жана порт шаары Жибутиге кошкон темир жол багыты азем менен ачылды.

Эфиопиянын расмий маалымат агенттиги ЕNAда орун алган кабарга караганда долбоордун аякташынан улам Жибутинин Нагад поезд станциясында ачылыш аземи өткөрүлдү.

Аземге Жибутинин мамлекет башчысы Исмаил Өмер Гулле жана Эфиопиянын премьер-министри Хаилемарин Десалегн менен катар көп сандаган чакырылган катышты.

Октябрь айында Эфиопиядагы бөлүмүнүн ачылышы жасалган темир жолу багыты аркылуу деңизге жээктеш болбогон Эфиопиянын Аден булуңу жана Кызылдеңизге байланышы да жеңилдеген болду.

Жаңы багыт менен Аддис-Абебадан Жибути портуна жетиш үчүн 10 саат сарпталат.  Сыноо каттамдары жасалган багыттын келээрки айларда тейлөөгө киргизилиши пландалууда.

Африкадагы эң узун темир жол багыты болгон бул долбоордун Чыгыш Африка өлкөлөрүнүн арасындагы экономикалык карым-катнаштарды да өнүктүрүшү максатталууда.

Эфиопиянын экспорт жана импортунун 90 пайызын Жибути портунан жасашы болсо бул багытты өлкө үчүн айрыкча маанилүү кылууда.

Жалпы 756 км узундуктагы темир жолу багыты, орто эсеп менен 3,4 миллиард долларга салынды. Африканын алгачкы электрдүү темир жолу болгон багыттын салынышына 70 пайыз финансыны China Exim Bank каржылады.



Тектеш кабарлар