Түрк чайын кимдер ичет?

Түрк чайы дүйнөдөгү 86 өлкөгө сатылды.

647625
Түрк чайын кимдер ичет?

Түрк чайы өткөн жылы Бельгия жана Германиядан баштап дүйнөдөгү 86 өлкөгө сатылды.

Ал мезгилде Сингапур, Кытай, Конго, Эфиопия, Сенегал, Япония, Сомали, Гана, Бахрейн, Гамбия, Литва жана Нигерия сыяктуу ар башка өлкөлөргө да экспорттолду.

Чыгыш Карадеңиз Экспортчулар биримдигинин көрсөткүчтөрүнө караганда 2016-жылы 86 өлкөгө 6,7 миллион кг чай сатылып, 28 миллион 700 миң доллар киреше түштү.

Мурдагы жылы 6 миллион кг чай сатылып 23 миллион 800 миң доллар түшкөн.

Түркиянын өткөн жылкы чай экспортунда Бельгия 2,1 миллион кг менен биринчи орунду алды.



Тектеш кабарлар