ЕБ Орусияга санкцияларынын мөөнөтүн узартты
Европа Биримдиги Орусияга экономикалык санкцияларды киргизген
Европа Биримдиги, Украинаны ыраатсыздаштырышынын себебинен Орусияга киргизген экономикалык санкцияларынын мөөнөтүн 6 айга узартууну чечти.
ЕБ Орусияга экономикалык санкцияларды киргизүү чечимин алгач 2014- жылы чыгарган.
Узартылган санкцияларга ылайык ЕБне мүчө 28 өлкө Орусияга курал-жарак сатпай эле.
Санкциялар менен Орусиянын мунай зат жана газ секторлорунда колдонулган айрым технологиялардын Европа Биримдиги өлкөлөрүнөн сатып алуусуна чектөө коюлуп, орус мамлекеттик банктары Европада финансы секторунан четтетилүүдө.
Орусия 2014-жылы 18-мартта Крым автономдуу республикасын жана Севастополь шаарын мыйзамсыз кошуп алган.
Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышы жана Украинанын чыгышындагы кагылышуулардан кийин Европа Биримдиги, АКШ жана башка өлкөлөр Орусияга экономикалык санкцияларды киргизген болчу.