Экспорттун көлөмү өстү

Түрк автомобиль секторунун ноябрь айындагы экспорту 17 пайыз өстү.

623859
Экспорттун көлөмү өстү

Автомобиль сектору ноябрь айында 16,9 пайыздык өсүү менен 2,2 миллиард доллардык экспорт ишке ашырып, 2008-жылдан берки эң жогорку көрсөткүчкө ээ болду. Сектордун Түркия экспортунан алган үлүшү болсо 18,7 пайыз. Ал эми январь-ноябрь айларынын аралыгындагы 11 айлык экспорттун көлөмү 11,5 пайыз өсүп, 21 миллиард 530 миллион долларга жетти.

Улудаг автомобиль өнөр жайынын экспортчулар биримдиги маалымдагандай, ноябрь айынын экспортунда сектордун эң ири үч экономикасы Германия, Италия жана Францияга 65 пайызга жеткен өсүүлөр болду.

Түркия автомобиль өнөр жайынын өлкө тобу жагынан алганда эң ири базар экономикасы болгон Европа Биримдигине экспорт ноябрь айында 22 пайыздык өсүү менен 1 миллиард 786 миллион доллар болду.

Европа Биримдиги өлкөлөрү экспорттон 79 пайыздык үлүш алды. Ноябрь айында альтернативдүү базарлардын арасындагы Америка өлкөлөрүнө экспорт 27 пайыз өссө, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө болсо 16 пайыз төмөндөдү.



Тектеш кабарлар