Мунай зат баалары жогорулады

Брент үлгүсүндөгү мунай зат 53 доллардын үстүндө тең салмактанды.

622321
Мунай зат баалары жогорулады

Мунай зат экспорттогон өлкөлөр уюмунун (ОРЕС) жыйналышынан өндүрүүнү чектөө чечиминин чыгышынан кийин кечээ Брент үлгүсүндөгү мунай заттын баррель баасы 54,50 долларга жетип 2015-жылдын 27-июлунан берки эң жогорку деңгээлине жетти жана  күндү 4,3 пайыздык жогорулоо менен 53,69 доллардан жапты.

Бүгүн болсо мурдагы эки күндө таасирдүү болгон ылдам жогорулоодон кийин келген кирешелүү сатуулары менен көздөлгөн Брент үлгүсүндөгү мунай заттын баррель баасы 0,9 пайызга төмөндөө көрсөтүп 53,20 доллардан сатылууда.

Батыш Техас үлгүсүндөгү мунай заттын баррель баасы болсо кечээ 2 айдын эң жогорку чегине жетишинен кийин бүгүн 0,4 пайыз өсүү көрсөтүп 50,61 доллардан алуучу тапты.

 



Тектеш кабарлар