Европалык инвесторлор оң көз карашта

Европа өлкөлөрү Түрк экономикасынын эң негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.

621660
Европалык инвесторлор оң көз карашта

Европалык инвесторлор Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары боюнча оң көз карашта.

Жалпы соода көлөмү 100 миллиард доллардан ашкан Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы абалга байланыштуу 15-16-декабрда Европанын лидерлер саммитинде айтыла турчу билдирүүлөр кызыгуу жаратууда.

Экономисттер менен иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү болсо бүгүнкү абалдын дагы да туура жолго багыт алаарын айтып жатышат.

Инвесторлордун айтымына караганда узун мөөнөткө Түркия Европа Биримдигинин системасынын ичинде орун алуусун улантат.

Европа өлкөлөрү Түрк экономикасынын эң маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.

Түркия экспортунун 49 пайызын, импортунун болсо 39 пайызын Европа Биримдиги менен ишке ашырууда. ЕБ экономикаларындагы өсүү болсо түздөн-түз Түрк экономикасына оң чагылууда. Түркиянын статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, Түркиянын Европа Биримдигине экспорту 2016-жылдын алгачкы 9 айынан тарта 49 пайыз болду. Б.а Түркия орто эсеп менен 150 миллирд доллардык экспортунун жарымын Европа Биримдигине ишке ашырууда. Ал эми жалпы тышкы соода көлөмүнө каралганда Түркия менен ЕБнин ортосундагы экспорт-импорт көлөмү жылдык 120 миллиард доллар болгону көрүлүүдө. Бул көрсөткүчтөр жыл сайын өсүүсүн улантып жатат. 



Тектеш кабарлар