Мунай зат баалары

30-ноябрда ОРЕС өлкөлөрүнүн жыйналышы өтөт.

619327
Мунай зат баалары

Брент үлгүсүндөгү мунай зат баасы 30-ноябрда өтө турган Мунай зат экспорттогон өлкөлөр уюмунун (ОРЕС) жыйналышынын алдында 47 доллардын астында турат.

Өткөн аптада АКШда жарыяланган позитив көрсөткүчтөр жана доллардагы күчтөнүү 50 доллар чегинен 46,8 долларга чейин түшкөн Брент үлгүсүндөгү мунай заттын баррель баасы бул жуманы 47,09 доллардан жапты.

Жаңы жумага Азия базарларында 46,6 доллардан баштаган Брент мунай затынын баррель баасы эң жогорку 47,4 долларга жетти.

Батыш Техас үлгүсүндөгү чийки мунай заттын баррель баасы болсо ушул убактарда 0,7 пайыз өсүү көрсөтүп 45,7 доллардан сатылууда.



Тектеш кабарлар