"Түрк агымы" долбоорунун алгачкы бөлүгү 2019-жылга чейин бүтөт

Министр Албайрак «Анадолу» агенттигинин редакциясына күн тартип тууралуу маалымат берди.

597804
"Түрк агымы" долбоорунун алгачкы бөлүгү  2019-жылга чейин бүтөт

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрык, "Түрк агымы" долбоорунун 2017-жылы башталып алгачкы бөлүгүнүн 2019-жылга чейин бүтүрүлүшү көздөлгөнүн маалымдады.

Албайрак «Анадолу» агенттигинин редакциясына күн тартип тууралуу маалымат берди.

Орус газын Европага жеткире турган «Түрк агымы» долбоору тууралуу маалымат берген министр Албайрак: «Түрк агымынын экинчи багыты Европа базарынын акыбетине байланыштуу жагдай. Түрк агымы, Түркиянын өзгөчө батыш багытына байланыштуу боло турган кризистерди басаңдатуу үчүн маанилүү долбоор болуп саналат. 2017-жылдан баштап курулушунун башталышы пландалбайт, долбоордун алгачкы бөлүмүнүн 2019-жылга чейин бүтүрүлүшү темасында бирдей пикирдебиз»,-деп айтты.

Албайрак Мерсиндин Аккую районуна курулушу пландалган Аккую атомдук станциясы долбоорунун дагы ылдам аткарылышына байланыштуу иштердин уланганын баса белгиледи.

Албайрак электр таркатуу секторунун болсо 2016-2020-мезгилинде 18 миллиард лиралык инвестиция сала турганын белгиледи.

Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине байланыштуу өз серебин салган министр Албайрак, тышкы булактардан жем жеген уюмдун акыркы бир жылда чечмеленгенин айтты.

Террор уюмдарына каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөндөрүн айткан Албайрак: «Жалган сындоолор террор менен күрөшүүнү бузууга багытталып жатса муну эске алуунун кереги жок. Күрөшүүбүздү эң жогорку деңгээлде улантуудабыз. Жаңы төңкөрүш аракети боло турганын ойлобоймун, бирок абдан кылдат болуу керек болгон процесстен өтүп жатабыз. Элибиз болуп жаткан бардык интригаларды байкоодо»,-деди.

Ирактын Мосул шаарынын террор уюму ДЕАШтан тазаланышы үчүн Ирактын армия бөлүктөрү, пешмерге күчтөрү жана чоң көпчүлүгүн  Башика лагериндеги түрк аскерлери машыктырган Нинова сакчыларынан турган 17-октябрда башталган операцияга да токтолгон министр Албайрак: «Түркия Мосул операциясында эске алынбай койбойт. Бул эми аймактын эле эмес дүйнө жүзүнүн маселесине айланды. Эч ким бул улуттун аң-сезими менен, акылы менен ойнобосун»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар