Сауд Арабиянын капиталы Түркияга багытталабы?

Сауди Арамко кечээ Стамбулда 18 түрк фирмасы менен меморандумга (MoU)  кол койду.

588385
Сауд Арабиянын капиталы Түркияга багытталабы?

Дүйнөнүн эң ири мунай зат жана энергетика фирмасы Сауд Арабиядан  Сауди Арамко, өткөрүлө турган тендерлерге катыша алуусу үчүн кечээ Стамбулда 18 түрк фирмасы менен меморандумга (MoU)  кол койду.

Мунай бааларынын төмөндөөсүнөн эң көп таасир алган өлкөлөрдөн бири болгон Сауд Арабия, мунайга көз карандылыгын азайтуу стратегиясынын алкагында Арамконун кичине бир бөлүмүн менчиктештирүүнү пландап жатат.

Ири фирма уюштурула турган тендерлерге катыша алыш үчүн 18 түрк фирмасы менен меморандумга (MoU) кол койду.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, Сауди Арамко жана 18 түрк фирмасынын ортосунда кол коюлган меморандумдардын, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты күчтөнтө турганын белгилеп, «Бул кол коюлар алдыбыздагы мезгилде карым-катнаштарыбызга дагы да ылдамдык киргизет»,-деди.

Сауд Арабиянын энергетика министри Аль-Фалих да ушул меморандумдардын алдыдагы бир топ капиталдык долбоорлор үчүн мыйзамдык базисти түзө турганын айтып: «Сауди 2030 көз карашынын алкагында түрк фирмалары менен бирге иштегибиз келет. Сауд Арабия балким жүздөгөн миллиард доллардык инвестиция салат, бүгүнкү келишимдер алдыбыздагы жылдардагы долбоорлор үчүн даярдык болот. Түркия жана Сауд Арабия балким үчүнчү өлкөлөрдө абдан чоң иштерди аткарат»,-деп айтты.

Сауди Арамконун СЕОсу Амин Нассер да Түркияда инвестиция үчүн алдын ала сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөрүн жана мунай зат тазаланышы менен таркатылышы тармагына кызыккандарын белгилеп кетти.

Арамконун Petrol Ofisi фирмасына талапкер болгон фирмалардын арасында экендиги мындан мурда да кабарларга чыккан.

 



Тектеш кабарлар