Көздүн жоосун алган шакек
Бул шакектин 15-25 миллион долларга сатылышы күтүлүп жатат.
587941
Дүйнө жүзүндө чанда кездешүүчү алмаздардын арасында орун алган 8,01 караттык көк түстөгү алмаз, Нью-йорктогу «Сотбис» аукцион үйүндө эл назарына коюлду.
Көк түстөгү алмаздан жасалган шакек 16-ноябрда Швецариянын Женева шаарында өтө турган аукциондо сатууга коюлат.
Көк түстөгү алмаздан жасалган шакектин 15-25 миллион долларга сатылышы күтүлүп жатат.
Чоң кызыгуу тарткан сүйрү алмаз менен катар алмаздан жасалган 2 шууру да ушул эле аукциондо сатууга коюлат.
14,62 караттык дагы бир көк түстүү алмаздан жасалган шакек 2016-жылдын май айында Женевада өткөрүлгөн аукциондо 57,5 миллион доллар менен рекорддук баага сатылган болчу.