Украиналык жетим балдар Түркияда

Балдар үчүн Даламан аэропортунда тосуп алуу аземи өттү.

573850
Украиналык жетим балдар Түркияда

Украинадагы жетимдер үйүндө жашаган 30 бала Түркиядагы туристтик компания тарабынан жүргүзүлгөн «Балдарга дүйнө жүзүн ач» аттуу социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында Муглага келишти.

Балдар үчүн Даламан аэропортунда тосуп алуу аземи өттү.

Аэропорттун башкы директору Хамди Гүвенч, долбоордун алкагында украиналык балдарды Муглада тосуп алгандарына абдан кубангандарын айтты.

Украинанын дос жана тууган өлкө экенин белгилеген Гүвенч: «Бул долбоордун дүйнөлүк балдардын ынтымагы үчүн үлгү болушун каалаймын. Конок украиналык балдардын келечекте Түркияны сүйгөндөрдөн  болооруна чын дилден ишенемин»,-деди.

Туристтик компаниянын директору Мустафа Өзден болсо Украинада жашаган жетим балдардын чет өлкөгө биринчи жолу чыгып жаткандарын баса белгиледи.

Өзден: «Алар үчүн 7 күн бою көңүл ачуучу өтө сонун программа даярдадык»,- деп айтты.

Компаниянын Украинадагы директору Юлия Красилникова да жетим балдардан өзгөчө спорт жана көркөм өнөр тармагында өздөрүн көрсөткөндөрдү Түркияга алып келгендерин белгилеп: «Балдар Муглада бир жагынан эс алып, ошол эле учурда коомдук иш-чараларга да катышышат»,-деди.



Тектеш кабарлар