Орусия менен соодада ак барак ачылды
Челик, Орусия менен бир топ тармакта карым-катнаштар бар экенин, бирок талаа тармагынын бул карым-катнаштарда алдыңкы планда экенин баса белгиледи.
Азык-түлүк, талаа чарба жана мал чарба министри Фарук Челик, Орусия менен соодалык карым-катнаштарда ак барак ачылганын айтты.
Фарык Челик, Орусия менен Түркиянын ортосундагы соодалык карым-катнаштарда жаңы оң мезгилге кирилгенин белгилеп, бул өлкөгө кыска мөөнөттө тыгыз түрдө айыл чарба товарлары экспортунун баштала турганын билдирди.
Челик, Орусия менен бир топ тармакта карым-катнаштар бар экенин, бирок талаа тармагынын бул карым-катнаштарда алдыңкы планда экенин баса белгилеп, талаа чарбасынын күтүүгө чыдамы калбагынын белгилеп өттү.
Аймактын эки маанилүү өлкөсү Түркия жана Орусиянын карым-катнаштарынын жүрүшү жагынан эки тараптуу сапарлардын оң чагылыштарынын талаа товарларын экспортоого да чагылышканын билдирген Челик: «Алдыбыздагы мезгилде өзгөчө ситрус сезонуна кирип жатканда бир канча ай ичинде талаа тармагына байланыштуу экспортубуз өсөт деп ишенем, талаага байланыштуу потенциал кайрадан ылдамдайт»,-деди.