Самсунга араб туристтер келди

95 туристти ташыган учак кечээ Самсунга конду

529800
Самсунга араб туристтер келди

Иорданиядан Самсунга түз каттамдардын башталышы менен борбор калаа Аммандан алгачкы араб туристтердин тобу келди.

95 кишилик топ болжол менен 2,5 сааттык жол жүрүүдөн кийин кечээ Самсунга келди.

Карадеңизде алгач ирет Самсунга келгендерин белгилеген туристтер: «Карадеңиз аймагынын кооз экендигин уккандан кийин бул жерге келели деп чечтик. Түркия мусулман өлкө, бизге жакын, бирдей маданиятка ээбиз. Иордания менен Түркиянын ортосундагы мамилелер өтө терең мамилелер. Биз бул жерге келгенибиз үчүн сыймыктанабыз»,-деди.

Араб туристтер өлкөлөрүнө кайтып барганда досторуна да Самсунга келүүлөрүн сунуштай тургандарын айтышты.

Амман менен Самсундун ортосундагы учак каттамдары жумасына эки жолу уланып жатса, Орду шаарына да Кара деңизден түз каттамдардын башталышы күтүлүүдө.

Орду губернатору Ирфан Балканоглу 19-июлдан тарта Орду-Гиресун аэропортунда чет өлкөгө каттамдардын баштала турганын жана Сауд Арабиянын борбору Рияддан учкан алгачкы туристтик учакты тосуп ала тургандарын айткан эле.



Тектеш кабарлар