Түркияда иштеген чет элдиктерге "Туркуаз карт" берилет

Парламентте ушул аптада чет элдиктерге "Туркуаз карт" берүү маселеси каралат.

526610
Түркияда иштеген чет элдиктерге "Туркуаз карт" берилет

Чет элдиктерге «Туркуаз карт» (көгүш түстүү карточка) берилиши күн тартипте...

Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (TBMM) Рамазан айт майрамынын себебинен бир жума тыныгуу берген тыгыз иштөөсүн улантат.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынында бул аптада чет элдиктердин каттоосуз иштөөсүнүн алдын алуу, жергиликтүү-чет элдик жумуш күчү тең салмагы сакталып квалификациялуу жумуш күчүнөн да пайдалануусун көздөгөн Эл аралык жумуш күчү мыйзам долбоорунун сүйлөшүлүшү пландалууда.

Долбоорго караганда Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлиги, чет элдик жумушчулардын талаптарын алуу, эл аралык жумуш күчүнүн таасирлерин байкоо үчүн чет элдиктердин кайрылуусун кабыл алуу, баа берүү жана байкоо системасын курат.

Саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында иштей турган чет элдиктердин уруксат алуу кайрылууларына баа берүүдө алдын ала уруксат алынат. Эл аралык жумуш күчү саясаты боюнча кеңешүү мекемеси түзүлөт.

Түрк тектүү экендиги билдирилген, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын атуулдары жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандарынан илимий, маданий, искусство же спорттук максат менен Түркияга келген ийгиликтүү чет элдиктер жумуш уруксаты темасында өзгөчөлүктөрдөн пайдаланышат.

Министрлер кеңеши өлкөнүн кызыкчылыктары талап кылган учурларда чет элдиктерге иштөө уруксаты же иштөө уруксатын алуудан бошотууну белгилейт.

Эл аралык жумуш күчү саясаты боюнча кеңешчи уюмдун сунуштары жана Министрлик тарабынан кайрылуусу ылайык көрүлгөн чет элдиктерге «Туркуаз карт» берилет.

Түркияда жогорку окуу жайда атайын билим берүү программаларына катталган чет элдик окуучулар, иштөө уруксатын алуу менен иштей алат.

 



Тектеш кабарлар