Автомобилдеги экспорт

Экинчи чоң базар Италияга жасалган экспорт 54 пайыздык өсүү менен 280 миллион долларга жетти

523333
Автомобилдеги экспорт

Түркия экспортунун лидери болгон автомобиль сектору июнь айында 2008 -  жылдын июль айынан бери айлык базада эң жогорку экспорт санына жетишти. Автомобиль секторунун экспорту июнь айында өткөн жылдын ушул эле айына караганда 9 пайыздык өсүү менен 2,1 миллиард доллар жетти.

Түркия автомобиль секторунун эң чоң базары болгон Германияга экспорт, июнь айында 15 пайызга өсүп 330 миллион доллар болуп ишке ашкан.

Экинчи чоң базар Италияга  жасалган экспорт 54 пайыздык өсүү менен 280 миллион доллар болуп, үчүнчү орундагы Францияга жасалган экспорт 3 пайыздык өсүү менен 228 миллион доллар болгондугу белгиленди. Сектор экспортунан 80 пайыздык үлүш алган Европа Биримдиги өлкөлөрүнө июнь айында 13 пайыздык өсүү менен 1 миллиард 706 миллион доллар экспорт ишке ашкан. Америка өлкөлөрүнө жасалган экспортто 35 пайызга төмөндөө болду.

 



Тектеш кабарлар