Түркияга чоң мүмкүнчүлүктөр туулуп жатат

Йигит Булут, Орусия менен Түркиянын ортосунда жакынкы убакта кудум эле Израиль менен болгону сыяктуу жаңы макулдашуу боло ала турганын айтты.

519350
Түркияга чоң мүмкүнчүлүктөр туулуп жатат

Президенттин башкы кеңешчиси Йигит Булут, Орусия менен Түркиянын ортосунда жакынкы убакта кудум эле Израиль менен болгону сыяктуу жаңы макулдашуу боло ала турганын айтты.

Йигит булут ТРТ-Хабер каналынын «Экономика 7/24» программасына телефон акрылуу байланышты.

Израиль менен болгон мамилелердеги абалга баа берген Булут, Орусия үчүн да оң көз караш билдирди.

Булут: «Орусия-Түркия карым-катнаштарына, экономикага, өзгөчө туризмге түздөн-түз чагылыша турган жаңы абалды көрө алабыз»,-деди.

Булут Израилдин Түркиядан кечирим суроосу менен башталган макулдашуу платформасынын, Жакынкы Чыгыштагы газ куур долбоорлорунун процесске киришин камсыздай турганын да белгилеп кетти.

Йигит Булут Англиянын Европадан бөлүнүү чечими менен жыйынтыкталган элдик добуш берүүнүн базарларга чагылышуусуна сереп салды.

Түркиянын ЕБнин калган өлкөлөрү сыяктуу терс таасир албай турганын базарлардын түшүнгөнүн айткан Булут, «Стамбулдун Лондон биржасынын ордун ээлеши керектигин көп түшүндүрөм. Түркияга чоң мүмкүнчүлүктөр туулат»,-деди.



Тектеш кабарлар