ASELSAN жаңы тик учар жасап чыгарат

ASELSAN жасап чыгарган тик учарга дүйнө жүзүнөн талап келүүдө.

513979
ASELSAN жаңы тик учар жасап чыгарат

Жалпы максаттуу тик учар долбоорунун алкагында ASELSAN-Сикорский кызматташтыгы менен алгач ирет түрк фирмасы өнүктүргөн жана жасап чыгарган жогорку технологияга ээ болгон системалар, дүйнөдө бир топ өлкөнүн тандоосу болгон Black Hawk сыяктуу аба унаасынын стандарт конфигурациясына кошулду.

Сикорский фирмасынын S-70i Black Hawk тик учары, лицензиясынын астында чыгаруу модели менен Түркияда жасалат. Бул лицензия, Түркиянын келечектеги муктаждыгын да камсыздагыдай түрдө бардыгы 300 тик учардын жасалып чыгышын камсыздайт.

Долбоордун алкагында тик учарларда колдонула турган багыттоо, байланыш, электрондук согуш, учуу жана милдетти башкаруу системаларынын өнүктүрүлүшү, өндүрүлүшү жана интеграция иштери ASELSAN тарабынан жүргүзүлөт.

S-70i Black Hawk тик учарынын учурдагы учуу жана милдетти башкаруу системасынын ордуна ASELSAN тарабынан программасы жана жабдылышы толугу менен улуттук жана атайын түрдө өнүктүрүлүп жаткан «ASELSAN Милдет башаруу системасы (IMAS)» интеграцияланганда акыркы конфигурациядагы тик учар Т-70 чыгып, «Кара ителги» деп аталат.



Тектеш кабарлар