Айдоочусуз унаалар
2035-жылга чейин 76 миллион айдоочусуз унаа жолдордо болот...
508246
Борбору АКШда жайгашкан эл аралык маалыматтык, талдоо жана консалтингдик компания IHS, 2035-жылга чейин дүйнөнүн жалпысында 76 миллион айдоочусуз унаанын жолдордо болушунун күтүлгөндүгүн билдирди.
Компаниянын билдирүүсүндө, 2035-жылы 21 миллион айдоочусуз унаанын сатылышы көздөлгөнү белгиленди.
Ошондой эле айдоочусуз унаа технологиясына байланыштуу программа жана кибер-коопсуздук коркунучтарынын маанилүүлүгүнө көңүл бурулуп, транспорттук тыгындар үчүн жаңы жөнгө салуучу стандарттардын жана мыйзамдардын зарылдыгы белгиленди.