Транс-Анадолу газ кууру

TANAP өтө маанилүү долбоор

502950
Транс-Анадолу газ кууру

Азербайжандын энергетика министри Натиг Алиев Транс-Анадолу газ куурунун (TANAP) Түркиянын Орусияга болгон жаратылыш газ көз карандылыгын азайтууга жардам бере тургандыгын айтты.

Натиг Алиев Бакуда өткөрүлгөн 23-Каспий мунай зат жана жаратылыш газ жыйынында өлкөсүнүн энергетика тармагындагы долбоорлору жөнүндө маалымат берди.

Азербайжан газын Европага жеткире турган Түштүк газ коридорунун бир багыты болгон жана Түркия менен бирге жүргүзүп жаткан TANAP долбоорлоруна токтолгон Натиг Алиев: «TANAP аймактык жана Европанын энергетикалык коопсуздугунун кепили болгону үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Ушул түтүк жол аркылуу жибериле турган кошумча 6 миллиард куб метр газ Түркиянын Орусияга көз карандылыгын азайтуу үчүн жардам берет. Мындан тышкары, бул газ орус жана Иран газына караганда арзан болот»,- деди.

Өтө күчтүү жана ири көлөмдүү газ коридорун түзүүнү максаттагандарын сөз кылган Алиев, келечекте Түркмөнстан менен Казакстандын да ушул куур аркылуу өз газдарын Европага жеткирүүгө мүмкүн экенин айтты.



Тектеш кабарлар