Мармариске эки круиздик кеме келди

Жүргүнчүлөрдөн айрымдары сейилдеп басып шаарды кыдырса, айрымдары да тарыхый жерлерге барышты.

500555
Мармариске эки круиздик кеме келди

Мармариске эки круиздик кеме токтоду.

Багама желектүү «Silver Cloud» жана «Seabourn Odyssey» аттуу круиздик кемелер менен жалпы 780 жүргүнчү келди.

Портко алгач «Seabourn Odyssey» аттуу кеме токтоду.

Болжол менен 350 экипаж мүчөсү болгон кемеде көпчүлүгү америкалык 450 турист бар.

Портко экинчи болуп америкалыктар көпчүлүктү түзгөн «Silver Cloud» аттуу круиз кемеси токтоду.

300 экипаж мүчөсү болгон кемеде 330 жүргүнчү бар.

Жүргүнчүлөрдөн айрымдары яхта портунда сейилдеп басып шаарды кыдырса, айрымдары да тарыхый жерлерге барышты.

«Silver Cloud» аттуу круиздик кеме кечки убактарда Грециянын Санторини аралына, ал эми «Seabourn Odyssey» аттуу круиздик кеме болсо Айдындын Кушадасы районуна жөнөп кетет.



Тектеш кабарлар