Орусияда айлык акылар азайтылат

Бул сунуш ишке ашкан учурунда өлкөдөгү жакырдык быйыл 13,7 пайызга чейин чыгып кетет.

492078
Орусияда айлык акылар азайтылат

Орусияда өкмөт, айлыктарды чектөө менен мамлекеттик жана менчик сектордо инвестицияларды көбөйтүүнү пландап жатат.

Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин Өкмөткө сунуштаган долбооруна караганда 3 жыл бою айлыктарды чектеп, 2019-жылдын акырында 4,5 пайыздык Улуттук дүң продукциянын өсүшү максатталууда.

Элдин реалдуу айлык акыларынын быйыл 2,8 пайыз, келээрки жылда 0,3 пайыз азайтылышы, пенсиядагылардын айлыктары болсо быйыл 4,8, 2017-жылы 2 пайызга төмөндөтүлүшү пландалууда.

Бул сунуш ишке ашкан учурунда өлкөдөгү жакырдык быйыл 13,7 пайыз, 2018-жылы 13,9 пайызга жетиши көздөлүүдө.

Адистер болсо бул пландын кризис уланып жаткан өлкөнүн экономикасына пайдасынан көп зыян тийгизе турганын белгилешкен.

Москвадагы Экономика боюнча жогорку окуу жайынан доц. Антон Табах, элдин кирешелерин чектөөнүн туура жана ишеничтүү стратегия болбогонун баса белгиледи.

Москвадагы Жаңы экономика университетинин финансы бөлүмүнүн окутуучусу Олег Шибанов болсо инвестицияны арттырыш үчүн айлык акыларды чектей баштаган учурунда талаптоо азая турганын баса белгилеп, социалдык стресстин арта турганын жана саясий жактан бул стратегиянын абдан ыңгайсыз атмосфераны жарата турганын айтты.



Тектеш кабарлар