Дүйнөдөгү эң ири парустуу кеме

Парустуу кеме үчүн 230-300 миллион евро сарпталат

488627
Дүйнөдөгү эң ири парустуу кеме

«Dream Symphony» (Түш симфониясы) аттуу дүйнөдөгү эң ири парустуу кемени түрк усталары жасап жатат.

141 метрдик кеме, Мугланын Бозбурун аймагындагы Европанын эң чоң кеме чыгаруучу ишканасында түрк усталарынан турган топ тарабынан курулууда.

2020-жылы деңизге түшүрүлүшү пландалган кеменин борту 2017-жылы жасалып бүтөт.

Кеменин эң чоң өзгөчөлүгү толугу менен жыгачтан болушу...

Африкадан алынып келинген Ироко дарагынан жасала турган кеме үчүн 5 миң метр куб дарак колдонулат жана кесилген ар бир Ироко дарагы үчүн жаңы көчөтү отургузулат.

Эки палубалуу «Dream Symphony» аттуу кеменин, толугу менен айнектен жасалган бассейни да бар. Бассейн кааланган учурда көтөрүлүп тик учма тилкеси болот.

Парус аянты 5 миң метр квадраттан ашкан жаңы кеме экологиялык жана бардык шарттары бар.

Парустарынан улам өз электр энергиясын да өзү өндүрөт.

Саатына орто эсеп менен 60 километр ылдамдыкта жүрө турган  парустуу кеме үчүн 230-300 миллион евро сарпталат.


Этикеткалар: #Dream Symphony , #Кеменин

Тектеш кабарлар