Түркияда экспорт
Түркиянын экспорту март айында өткөн жылдын ушул эле айына караганда 2, 3 пайызга өстү
480944
Түркия статистика мекемеси ТҮИКтин берген маалыматына караганда Түркиянын экспорту март айында өткөн жылдын ушул эле айына караганда 2, 3 пайызга өсүп, 12 миллиард 811 миллион доллар, импорту болсо 5, 2 пайызга азайып 17 миллиард 758 миллион доллар болду.
Экспорттун импортту камсыз кылуу катнашы өткөн жылы март айында 66, 9 пайыз болгон болсо, бул жылдын ошол эле айында 72, 1 пайызга жогорулады.