G20 өлкөлөрү Англияны эскертишти

Улуу Британияда 23-июнда өтө турган референдум менен эл, Европа Биримдигинде калуу же калбоо боюнча чечимин чыгарат.

440951
G20 өлкөлөрү Англияны эскертишти
  • Чоң жыйырмалык (G20) өлкөлөрүнүн каржы министрлеринин «Brexit» эскертүүсү...
  • Чоң жыйырмалык (G20) өлкөлөрүнүн каржы министрлери Англиянын Европа Биримдигинен бөлүнүшүнүн глобалдык экономика үчүн күчтүү таасири боло турганы боюнча эскертишти.
  • Кытайда өткөн жана эки күнгө созулган Чоң жыйырмалыктын каржы министрлеринин жыйналышынын жыйынтык декларациясында Улуу Британиянын Европа Биримдигинен ыктымалдуу бөлүнүү ниетине санааркоолор сөз кылынды.
  • Англиянын берүү органы ВВСге маалымат берген Англиянын каржы министри Жорж Осборн, «Дүйнөнүн эң чоң өлкөлөрүнүн каржы министрлери, Англиянын ЕБнен бөлүнүшүнүн дүйнө экономикасында күчтүү таасир жарата турганы темасында бирдей көз карашта. Бул дүйнө экономикасына күчтүү таасир бере турган болсо, Англиянын экономикасына таасирин сиздер ойлоп көрүңүздөр»,-деп айтты.
  • А бирок Англияда Чоң жыйрымалыктын каржы министрлеринин эскертүүсүн, 15 мүчөсү ЕБнин тышынан болгону үчүн «сандырактык» деп ойлогондор да бар.
  • Улуу Британияда 23-июнда өтө турган референдум менен эл, Европа Биримдигинде калуу же калбоо боюнча чечимин чыгарат.


Тектеш кабарлар