Евро тобу Грецияны эскертти
Афинанын дагы эле жасай турчу иштери бар
Евро аймагынын каржы министрлери Бельгиянын борбору Брюсселде чогулушту.
Евро тобунун төрагасы жана Нидерландиянын каржы министри Жерон Дижзелблоем, Грециянын үчүнчү куткаруу программасына байланыштуу маалымат берди.
Жерон Грецияда каржы жана структуралык чара көрүүлөр тармактарында жылыш болуп жатканын, бирок пенсиялык реформа менен катар каржы жана менчиктештирүүгө байланыштуу мекемелерде Афинанын дагы эле жасай турчу иштери бар экенин белгиледи.
Каржы министрлери биримдиктин экономикалык абалын да талкуулашты.
Жыйындан кийинки билдирүүдө, коркунучтар жана базар рыногундагы туруксуздукка карабастан евро аймагындагы экономикалык жакшыруунун уланып жатканы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Жон Леннондун гитарасы 2,9 миллион долларга сатылды
Билдирүүдө гитаранын рекорддук баада 2 миллион 857 миң долларга сатылганы айтылды.