Түркияда 2015-жылы автомобиль сатуу 26,1 пайызга өстү

Сатылган унаалар удаама-удаа тизмеленгенде 6 миң, ортого дистанция да кошулганда 10 миң км узундуктагы транспорт дегенди берет.

423065
Түркияда 2015-жылы автомобиль сатуу 26,1 пайызга өстү

Автомобиль жана жеңил унаалар боюнча жалпы базар 2015-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 26,1 пайыз өстү жана 968 миң 17 унаага жетти.

Автомобиль таркатуучулар коомунун жарыясына караганда буларга жеңил унаалар менен оор жүк ташуучу унаалар да кошулганда бул сан 1 миллион 8 миңге жетти.

Бул унаалар удаама-удаа тизмеленгенде 6 миң, ортого дистанция да кошулганда 10 миң км узундуктагы транспорт дегенди берет.

2015-жылы жалпы 1 миллион 8 миң даана сатуу санына жеткен автомобилдер, удаама-удаа тизилгенде 5 миң 924 км же болбосо 6 миң км узундукту түзөт. Бул да Түркиянын эң батышы менен эң чыгышынын ортосундагы 1650 километрдик узундуктан орто эсеп менен 4 эсе узун болуп саналат.



Тектеш кабарлар