Террорго каршы биргелешип көрүшүү шарт

Түркия менен Кытайдын ортосунда экономикадан энергетикага чейин 7 тармакта келишимге кол коюлду.

366253
Террорго каршы биргелешип көрүшүү шарт

Президент Режеп Таййип Эрдоган террорго каршы биргелешип көрүшүүнүн шарт болгонун айтты.
Президент Эрдоган жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жетектеген эки өлкөнүн делегациялары Антальяда жолукту.
Эки өлкөнүн лидерлеринин күн тартибинде Франциядагы террордук кол салуулар бар эле.
Президент Эрдоган террордун дини, улуту, расасы, мекени болбой турганын белгилеп, «Бул биргелешкен теракттарга каршы биз дагы коалиция түзүү менен эл аралык күрөш жүргүзүүбүз керек. Бул Чоң жыйырмалык саммитинде эл аралык терроризмге каршы эмнелер жасалса боло турганын сүйлөшмөкпүз, ал эми бул Франциядагы окуя биз үчүн абдан башкача күн тартипти ортого чыгарды. Буларды дагы сүйлөшөбүз»-деди.
Жолугушуулардан кийин эки өлкөнүн ортосунда экономикадан энергетикага чейин 7 тармакта келишимге кол коюлду.
Бул учурда Чоң жыйырмалык лидерлер саммитинде конок делегациялар менен жолугушуу өткөргөн президент Эрдоган, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолукту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар