Путин "Түрк агымы" долбоору абдан чоң долбоор экенин билдирди

Путин муну менен бирге актарылышы керек болгон башкаруучулук жана техникалык темалар бар экенин белгиледи.

365932
Путин "Түрк агымы" долбоору абдан  чоң долбоор экенин билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин «Түрк агымы» долбоорунун ылдамдыгын жоготкону жөнүндөгү айтымдарга кошулбаганын айтты.
Путин муну менен бирге актарылышы керек болгон башкаруучулук жана техникалык темалар бар экенин белгиледи.
Путин, Антальяда боло турган Чоң жыйырмалык саммитинин алдында «Анадолу» агенттиги жана «Интерфакс» маалымат агенттигинин биргелешип берген суроолоруна жазуу түрүндө жооп берди.
«Түрк агымы» долбоорунун түзүлгөнүнөн бери 10 ай өтсө дагы кандайдыр бир баскычка жетилбегени жөнүндөгү көз карашка кошулбаган Путин, долбоордун абдан чоң долбоор экенин, дароо аткарылышынын мүмкүн болбогонун белгиледи.
«Түрк өнөктөштөрүбүз менен укуктук, техникалык, экономикалык, технологиялык жана администрациялык көп теманы такташыбыз керек», деген Путин, чыныгы муктаждыктардын жана линия санынын белгилениши сыяктуу темалардын чечилиши керектигин баса белгиледи.
Путин, Түрк агымынын Орусиянын дагы Түркиянын дагы пайдасы үчүн ылайыктуу болгону темасында президент Режеп Таййип Эрдоган менен бирдей пикирде болгондорун билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар