Кыргызстанда мигранттар жөнөткөн каражат 28% кыскарды

Которулган акча былтыркыга караганда 28 пайыз аз.

363228
Кыргызстанда мигранттар жөнөткөн каражат 28% кыскарды

Быйыл тогуз айда мигранттар Кыргызстанга 1,4 млрд доллар акча которгон. Бул былтыркыга караганда 28% аз. Мындай маалыматты Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.
Ал Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке кирген үчүн кризисти көп сезбей жатканын, Бажы биримдигинин алкагында иштер дагы эле жүрүп жатканын кошумчалады.
Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунан тарта мүчө болду. Ушул күнү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы бажы бекеттери алынган.
Биримдиктин курамына Кыргызстандан тышкары, Казакстан, Орусия, Беларусь жана Армения кирет.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар